Равшанбек Сабиров VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун ачылышына катышты

Бүгүн, 6-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясынын алкагында уюштурулган VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун расмий ачылыш аземине катышты.

Форумдун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин видео кайрылуулары менен башталды.
Ошондой эле форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Кыргыз-Россия экономикалык форуму эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана ишкердик байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулоочу маанилүү аянтчалардын бири болуп саналат.
Форумга Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, аймактык администрациялардын, бизнес-коомчулуктун жана алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.



