УКМКнын ардагери, запастагы полковник Раимжан Эшенкулов дүйнө салды

Бул тууралуу УМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, запастагы полковник Эшенкулов Раимжан Эшенкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Раимжан Эшенкулович 1947-жылдын 27-апрелинде Өзгөн районунун Заргер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1974-жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин органдарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкерден баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кызматына чейин аркалаган.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын жогорку кесипкөй кызматкери болгон Раимжан Эшенкуловичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу болсун.



