Коом

Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция атын тактоого жардам сурайт-ФОТО

Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы адам өлтүрүү фактысын аныктап жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

2022-жылдын 1-августунда Панфилов көчөсүндөгү таштанды челектердин жанындагы чатырдын астынан күч колдонуу менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, спирт ичимдигин ичип отуруп, 1991-жылы туулган жаран 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамды бычактап, ал ошол жерден каза болгону аныкталган. 

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, камакка алынган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button