Окуялар

Кадамжайда өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү шектүү кармалды

2022-жылдын 8-сентябрында жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган жашы жете элекке карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button