Окуялар

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан алты адам каза тапты

Бишкек — Ош жолунун Токтогул районундагы аймагында автокырсыктан алты адам каза тапты. Бул туурасында ЖКККББдин маалымат кызматынын жетекчиси Нурсултан Муратбеков билдирди.

Трагедия 1-сентябрда, саат 13:10 чамасында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 19 жаштагы улан айдаган KIA K5 үлгүсүндөгү автоунаа Оштон Бишкекти көздөй бара жатып, озуп өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу автокөлүк менен сүзүшкөн.

Кырсыктан кийин жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып кетип, аял айдап бара жаткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабас менен кагышкан.

«Бул автокырсыктын кесепетинен KIA K5тин 19 жаштагы айдоочусу, 28, 53 жана 20 жаштагы жүргүнчүлөр мүрт кеткен. Мындан башка да эки өспүрүм каза болгон», — деди Муратбеков.

Учурда кырсыкты тиешелүү кызматтар иликтеп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button