Коом

Караколдо жаңы курулган жол 6 айга жетпей оюлуп калды. Прокуратура иш козгоду

Караколдогу мындан алты ай мурда бүткөрүлгөн жол сапатсыз курулуп, мамлекетке 1,7 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү 1,4 чакырымдык жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

«Натыйжада Ысык-Көл облусун өнүктүрүү дирекциясынын айрым кызмат адамдары аткарылган иштин көлөмүн ашыкча баалаганы аныкталды. Аталган жол сапатсыз жасалгандыктан алты айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келтирилгени тастыкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button