Коом

В.Путиндин сапары: Кыргызстанга кайсы чиновник жана бизнесмендер менен келет?

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жыйынына катышат.

Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, делегациянын курамына төмөнкүлөр кирет:

-Вице-премьер Алексей Оверчук (россия тараптан өкмөттөр аралык комиссияны жетектейт),

Ички иштер министри Владимир Колокольцев,

-Спорт министри Михаил Дегтярев,

-Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко,

-Транспорт министри Андрей Никитин,

-Экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников,

-Илим министри Валерий Фальков,

-Энергетика министри Сергей Цивилев.

Президенттик администрациядан Юрий Ушаков, президенттик администрациянын башчысынын орун басарлары Дмитрий Песков (президенттин басма сөз катчысы) жана Максим Орешкин кирет.

Ошондой эле:

-«Роспотребнадзордун» башчысы Анна Попова,

-Борбордук банктын төрагасы Эльвира Набиуллина,

-«Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев,

-Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын  башчысынын орун басары Михаил Бабич,

-ошондой эле бизнес өкүлдөрү – Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана башкалар бар.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Россия менен Кыргызстандын президенттери  биргелешкен билдирүүгө кол коюшат. Ошондой эле бир катар өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтерге кол коюлат: жети документ билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, миграция, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу ж.б. тармактардагы кызматташтыкты камтыйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button