Дүйнө

Швейцарияда 34 жыл мурун дайынсыз жоголгон альпинисттердин сөөгү табылды

Швейцариянын Вале кантонундагы Трифт мөңгүсүнөн 1992-жылы дайынсыз жоголгон эки бельгиялык альпинисттин сөөгү табылды. Алардын сөөгү Италиянын чек арасына жакын жерде эрип жаткан мөңгүдөн табылганын жергиликтүү полиция билдирди.

Калдыкты 26-июлда турист байкап, аларды идентификациялоо үчүн Сьон шаарындагы Вале кантонунун ооруканасынын соттук-медициналык институтуна жеткиришкен.

ДНК анализинин жыйынтыгында табылган сөөктөр 1992-жылы Вайсмис аймагында дайынсыз жоголгон эки альпинистке таандык экени расмий тастыкталды.1992-жылдын 4-сентябрында эки альпинист 4017 метр бийиктиктеги Вайсмис чокусуна чыгуу үчүн жолго чыгышкан. Алар Альмагель баш калкалоочу жайына чейин жеткен, бирок аба ырайы кескин начарлап кеткендиктен, максатына жете алышкан эмес.

Кийинки айларда бир нече издөө иштери жүргүзүлүп, альпинисттердин рюкзагы табылганы менен өздөрүнүн дайыны чыккан эмес.

Вале полициясы 1925-жылдан бери дайынсыз жоголду деп катталган адамдардын эсебин жүргүзүп келет. Алардын көбү тоолуу аймактарда жана дарыяларда дайынсыз жоголгондор.

Климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн эриши тездеген сайын, ондогон жылдар мурун дайынсыз жоголгон альпинисттердин сөөктөрү да улам-улам табылууда.

Өткөн жылы да 1994-жылы дайынсыз жоголгон швейцариялык альпинисттин сөөгү Вале кантонундагы Обер-Габельхорн тоосунун мөңгүсүнөн табылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button