Коом

Алдамчылыкка шектелүүдө. УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутатын кармады

УКМК Жогорку Кеңештин алдамчылыкка шектелген А.А. аттуу мурдагы депутатын кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Буга чейин УКМКга экс-депутатка карата чара көрүүнү суранып ишкер кайрылган. Маалым болгондой, депутат болуп жүргөн кезинде ал алдамчылык жолу менен арыз ээсине эки миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар Жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш ишин козгоо чечимин кабыл алууга негиз болду», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандаган. Ага ылайык, экс-депутат тергөө убагында камакта болот.

Ишенимдүү маалымат булактар билдиргендей, кармалган мурдагы эл өкүлү — бул Алиярбек Абжалиев деп айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button