ӨКМ: Ала-Арчадагы трагедия боюнча моралдык күнөөбүздү сезебиз

«Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кызматтык иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Алмазбек Асанов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда куткаруу операциясынын жүрүшү, тартылган күчтөрдүн аракеттери жана кызматкерлердин жоопкерчилиги таразаланып, катуу териштирүү жүрүп жатат.
«Азыр факты боюнча кандай иш-чаралар аткарылганы текшерилип, андан кийин ар бир кызматкердин жасаган аракети өз-өзүнчө бааланат. Кызматтык иликтөөнү министрликтин юридикалык бөлүмүндөгү атайын бөлүмчө жана тарбия бөлүмү жүргүзүүдө», — деди Асанов.
Журналисттердин «Куткаруу операциясын жетектөөдө кемчиликтер аныкталса, ӨКМ жетекчилиги жоопкерчилик тартууга даярбы?» деген курч суроосуна министрдин орун басары ведомство моралдык жоопкерчиликти толук сезерин ачыкка чыгарды.
«Биз моралдык жактан өзүбүздүн күнөөбүздү сезебиз. Азыр иликтөө бүтсүн, андан кийин ким кандай иш-аракет кылганы так аныкталат. Маалыматты жашырган жокпуз: чалуу саат канчада келип түштү, куткаруучулар качан чыкты, жерине качан жетип барды — баарын хронологиялык тартипте так берип жатабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет», — деп кошумчалады ал.
Трагедиянын чоо-жайы:
Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда «Ала-Арча» паркындагы жарышка катыша албай калгандан кийин Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз бет алган. Кечки маал ӨКМдин кезексиз кызматына байланышып, адашып калганын кабарлаган. Өспүрүмдү издөө иштерине эки күн бою ондогон куткаруучулар, ыктыярчылар, заманбап дрондор жана тик учак тартылып, кийин анын сөөгү жалама аскадан табылган.
Бул чуулгандуу окуя коомчулукта кеңири резонанс жаратып, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев трагедиянын бардык жагдайларын тыкыр текшерүү тапшырмасын берген эле.



