Коом
“Кыргыз темир жолу” Баткенге жардам колун сунду

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткан жердештерибизге гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган ишкана жабыр тарткан Баткен элине 5 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Андан тышкары ишкананын кызматкерлери бир күндүк маяналарын атайын эсепке которушту.



