Коом
Tunduk тиркемесинде жаңы эки кызмат ишке кирди

Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми тиркемеде төмөнкү эки кызмат жеткиликтүү болот:
- баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу;
- балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм — 170 сом).
Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, колдонуучулар «ЖААК документтерин санарипке өткөрүү» кызматын колдонуп, күбөлүктү санарипке өткөрө алышат.



