Окуялар
Кара-Балтада аялды ур-тепкиге алган кишини милиция издөөдө

Кара-Балта шаарында кишинин аялды көчөдө сабап жиберген видеосу социалдык тармактарга тарады. Чүй облустук милициясы окуя боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.
Видеодон киши жолдун так ортосунда аялга кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Аны өтүп бара жаткандар арачалап калган.

Учурда милиция видеодогу кишинин аты-жөнүн тактап жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөрү кошумчаланды.



