Өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүү 100 миңге жакын жумушчу орундарды түзөт

Зергерчилик тармагына келечекте колдоо көрсөтүү 100 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу бүгүн пресс-конференцияда Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешев билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет бул тармакка ырааттуу жана натыйжалуу колдоо көрсөтүп келет.
«Кабыл алынган чечимдер бир катар чараларды камтыйт: бирдиктүү салыктын төмөндөтүлүшү, технологиялар менен жабдууларды импорттоодо КНСтен бошотуу, зергер буюмдарын легалдаштыруу боюнча кеңири кампания, кыргыз алтындарын жергиликтүү зергерлерге берүү (биз бул мүмкүнчүлүктү 30 жыл бою сурап келгенбиз), ошондой эле жабдууларды жана өндүрүш технологияларын сатып алуу үчүн жылдык 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар», — деди Азамат Макешев.
Ал 2026-жылдын 1-мартында зергер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы расмий түрдө аяктаганын эске салды. Бул мезгил ичинде 942 ишкер өз ыктыяры менен зергерлик продукциясын легалдаштырган. Жалпы активдердин көлөмү дээрлик 16,8 миллиард сомду түзгөн.
«Бул өндүрүштөрдү көмүскө сектордон чыгарууга жардам берди, тармактын инвестициялык потенциалы өстү», — деди ал.
«Дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн алтындын 55 пайызы зергерчиликке колдонулат, калган бөлүгү инвестицияларга, улуттук банктарга, технологияларга ж.б. багытталат. Бир килограмм иштетилген алтын 10 жумуш ордун түзөт: 3ү өндүрүштө, 3ү соодада жана 4ү башка тармактарда».
Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясы 1998-жылдан бери иш алып барат.



