Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери сот аркылуу өзүнүн камкорчулугун далилдөөгө милдеттүү болбошу керек

Дастан Бекешев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери сот аркылуу өзүнүн камкорчулугун далилдөөгө милдеттүү болбошу керек экенин билдирди.
Анын айтымында, психикалык жана ар кандай акыл-эс жагынан кемтиги бар балдар 18 жашка чыкканда Эмгек министрлиги аларды ишке жарамсыз деп таануу жана ата-энелерин камкорчу кылып дайындоо үчүн сотко кайрылууга мажбурлайт.
Сот процесстери созулуп, орто эсеп менен 8 айга чейин убакыт кетет. Бул аралыкта балдар да, ата-энелер да майыптык боюнча жөлөкпулдарды жана жеке ассистенттин төлөмдөрүн ала албай калышат.
Бекешев муну туура эмес система деп атап, диагноз бар болсо, 18 жаштан кийин эле сотсуз автоматтык түрдө майыптыгын жана тиешелүү төлөмдөрдү берүү керек экенин айтты. Ал министрлер кабинетин бул боюнча тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыгууга чакырды.



