Коом

Баткен элинин жоголгон документтер акысыз калыбына келтирилет

Документ жасоо үчүн атайын мобилдик топтор түзүлгөнү айтылды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткенде чек ара жаңжалында жоголгон документтерди акысыз калыбына келтирип берет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, документтерди кайра жасоо үчүн «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерден мобилдик топ түзүлдү.

Лейлек районунун Кулунду айылы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка бардык калкты тейлөө борборлору 19-сентябрдан тарта штаттык режимде иштей баштаганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button