Окуялар
Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетти

11-май Өзгөн районунда катуу жааган жамгырдан улам бир нече айылдарды сел каптаган. Большевик айылында 8 жаштагы баланы сел агызып кетип, ооруканада каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү кабарлайт.
Маалыматка караганда, Большевик айылында түшкү саат 13:20 чамасында тоодон сел жүрүп, ошол учурда кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы агызып кеткен. Бала долононун бутагына илинип калган жеринен туугандары тарабынан куткарылып, ооруканага барганда каза болгон.
Маркумдун сөөгү, ошол эле күнү жерге берилди.



