Саясат
Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын агрессиясы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылаарын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков эртеңкиге чейин кайрылуунун текстин бикитип берүүнү өтүндү.
«Биз ишемби күнү эле БУУга кайрылалы дегенбиз. Бирок өкмөт менен макулдашып, кайрылуу ТИМ аркылуу жөнөтүлдү. Биз Жогорку Кеңештин атынан башка мамлекеттерге, уюмдарга кайрылалы. Бир гана БУУнун системасына эмес, КМШ, ШКУ уюмдарына дагы кайрылып коёлу. Тиешелүү кайрылуунун долбоорун даярдап эртең киргизебиз», — деди Айдарбеков.



