Коом

“Кудайберген” базарында 20 контейнер күйүп кетти

Бишкектеги «Кудайберген» базарында чыккан өрттүн кесепетинен унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. кабарлангандай, өрт саат 17:45те чектөөгө алынды. «Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен аны өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды», — деп айтылат ведомствонун маалыматында. Мындан сырткары шаардык мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана «Тез жардам» кызматы тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button