Коом

Соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан 20 адам суракка алынды

Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп, чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адам суракка алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Милиция акыркы күндөрү соцтармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланып жатканын белгиледи.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүү учурунда 20га жакын жаран аныкталып, тергөө кызматтарына жеткирилди. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө. ИИМ жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле милиция өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button