Коом
Ильгиз Тапаев «Учкундун» директору болуп дайындалды

Тапаев Ильгиз Канатбекович «Учкун» ААКтын жаңы башкы директору болду, деп билдиришти ишканадан.
Ал директорлор кеңеши тарабынан шайланды.
Буга чейин ишкананы Султанов Бакытбек Мураталиевич жетектеп келген.
«Учкун» — Кыргызстандын эң ири полиграфиялык ишканасы, басма продукцияларын жана корголгон полиграфияны чыгаруу менен алектенет. Атап айтканда, «Учкун» паспорт, акциздик марка, диплом, күбөлүк, салык төлөөчүнүн жеке номурун жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди, анын ичинде улуттук валютаны чыгарат. Ошондой эле гезит, журнал, китеп басып чыгарат.



