Нарынбек Молдобаев: Учурда Ташиев туура кадамдарды жасоодо

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки мамлекеттин ортосундагы келишим тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев бүгүнкү келишим тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
-Бизге балдарыбыздын, эр жүрөк жигиттерибиздин өмүрү артык. Бир жерге казык кагыш керекпи каргыш керек. Ошондуктан өз маалында өзубагында даана тактап койбосо, келишимди түзүп койбосо кеч болот.
Учурда УКМК жетекчиси К. Ташиев туура кадамдарды жасоодо. Мамлекеттик комиссия болот. Эл аралык комиссия болот. Ошолордун чечими менен бирдикте такталып бүтөт. Эртең жер туура эмес берилди деп жаманатты болбостон комиссия менен чечип такташ керек деген менин оюм бар. Бүгүнкү 42протокол да коопсуздукту камсыздайт. Бул элдин коосуздугу үчүн гана жасалган камылга.



