Дүйнө
Байлыкты байлык кууйт. Илон Масктын байлыгы дагы көбөйдү

“Тесланын” акцияларынын кескин жогорулашынан кийин Илон Масктын байлыгы бир күндө 34 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Автоунаа өндүрүүчүнүн акциялары бир күндө 22 пайызга жогорулап, бул акыркы он жылдагы эң чоң киреше болуп калды. Мунун аркасында Масктын байлыгы 270 миллиард доллардан ашты.
Бул анын эң жакын атаандашы Жефф Безостукуна караганда 61 миллиардга көп.
Эскерте кетсек, Илон Макс дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет.



