Коом
Эгемендүүлүк алгандан бери 650 миң кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Бул тууралуу парламентте Эмгек жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
«1 миллион 200 миң жараныбыз чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Алардын 650 миңи кош жарандуулукка ээ болгон. Мигранттар Россиянын жарандыгын алганда Кыргызстандын жарандыгынан баш тартышпайт. Бул сандар Россиянын мамлекеттик органдарында дагы бар», — деди ал.



