Саясат

Садыр Жапаров Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү

Президент Садыр Жапаров Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жапаровдун Телеграм-каналында айтылат.

Маалыматка ылайык, аталган борборго 1 миң 50 таңгак (35 миңден ашык) жалаяк жеткирилди.

Сокулуктагы реабилитациялоо борборунун директору Бакытбек Абдиев президентке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз Садыр Жапаровдон көптөн күткөн белекти алдык. Балдарга керектүү 1 миң 50 таңгак жалаяк келди. Жалаяктар 10 айга жетет. Чоң рахмат», — деди Абдиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button