Коом
Калаада жол кире кымбатташы мүмкүн

Бишкекте автобус менен троллейбустун жол акысы накталай 15 сом болушу мүмкүн .
Мындай мыйзам долбоору шаардык кеңештин кароосунда турат.
Негизги максат — «Тулпар» картасын жайылтуу. Бул карта менен төлөгөндөргө жол кире 11 сом бойдон калат.
Пенсионер менен окуучуларга тариф башкача. Пенсионерлер бекер жүрсө, окуучуларга 4 сом 80 тыйындан айланат.



