КоомОкуялар

Аксыда жүргөн сел 50 баш кой жана 2 баш жылкыны агызып кеткен

20-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районунун Авлетим, Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүрүп, 48 үй жана 2 социалдык объекти суу каптаган.

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Мындан сырткары ички чарбалык жолдорго да сел суулар өтүп кеткен. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн маалыматына караганда 50 баш койду жана 2 баш жылкыны сел агызып кеткен. Жеринде Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, калыбына келтирүү иштери жана келтирилген чыгымдарды аныктоо жумуштары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button