Коом

Ош шаарынын күнүнө карата 4-октябрда айрым жолдор убактылуу жабылат

Ош шаарынын күнүн майрамдоого байланыштуу 4-октябрда саат 16:00дөн 22:00гө чейин айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Убактылуу кыймыл чектелчү көчөлөр:

Алайбек Датка көчөсү — Нурматов көчөсүнөн Сай-Боюу көчөсүнө чейин;

Тилеке Баатыр көчөсү — Шамшиев көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин;

Сай-Боюу көчөсү — Шамшиев көчөсүнөн Алайбек Датка көчөсүнө чейин.

Мэрия айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button