Коом

Мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат

Билим берүү министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.

Министрлик мектептердеги оңдоо иштерине, күзөт кызматына жана зарыл болгон чарбалык товарларды сатып алууга каражат мамлекеттик бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнөрүн белгиледи.

2026-жылы республикалык бюджеттен чарбалык жана кеңсе товарларын сатып алууга 205,5 млн сом, ал эми учурдагы оңдоо иштерине 404,8 млн сом бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button