Коом

Өлкөдө жакында 44 млрд. сомго баалуу кагаздарды чыгарууну көздөп жатышат

Кыргызстанда 2023-2025-жылдары наркы 44 миллиард сом болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда. Бул маалыматтар келерки жылдын бюджетинин долбоорунда жана 2024-2025-жылдарга жасалган божомолдо айтылган.

Ал төмөнкүчө пландалган:

2023-жылы — 16 миллиард сомго (быйылкы жылдын бюджетинде пландалганга караганда 381,4 миллион сомго көбүрөөк);

2024-жыл — 14 миллиардга;

2025-жыл — 14 миллиардга.

Кийинки жылдарда алардын көлөмү эмнеге азайып кете турган себебин түшүндүргөн эмес.

Негизинен булар мамлекеттик казначейлик облигациялар болору айтылды (жүгүртүү мөөнөтү 2 жылдан 20 жылга чейин деп каралган). Бир жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казначейлик векселдерди 1,2 миллиард сомдон ашык суммага чыгарылбайт (2023-жылы, кийинки жылдары азаят).

Эске салсак, мамлекеттик баалуу кагаздардын милдети — бюджетти толтуруу, андан сырткары булардын эсебинен мамлекеттин ички карыздары түптөлөт. Вексель, облигацияларды банктар, финансылык мекемелер, андан сырткары жарандар сатып алса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button