Коом

Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чараларын күчөтөт

Урматтуу Жалал-Абад облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга катуу тыюу салынарын эскертебиз! Кандайдыр-бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.
Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат.
Акыркы коңгуроо Сиздин акыркы күнүӊүз болбошу керек. Ойлон, жашоо бир келет! 25-майда шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.
Эскертүү, шаардык эс алуучу жайлардын бардыгы милициянын көзөмөлүндө болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button