Саясат

ЖК депутаттары Парижге — Франциянын Сенатына таанышуу үчүн бара турган болду

Кечээ, 12-октябрда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз сенатор, Франция Сенатындагы «Франция-Борбор Азия» достук тобунун төрагасы Эрве Море менен жолуккан. 

«Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы алаканы өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен,  2023-жылы эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда визиттерди алмашуу ниетин ырасташты», — деп айтылган маалыматта. 

Сенат — Франция парламентинин жогорку палатасы.  Сенаторлор Париж шаарындагы  Люксембург сарайында отурат.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button