Коом

Эртеңден баштап күн салкындап, жаан жаап, карга айланат

17-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Бийик тоолордо түнкүсүн -8…-3, күндүз 0…+5 градус.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18° жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button