Кеминде мобилдик клиника тургундарга акысыз медициналык кызмат көрсөтөт

21-октябрдан 15-декабрга чейин Кемин районунда мобилдик клиника иштеп, тургундарга акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.
Райондук администрациядан билдиришкендей, мобилдик клиникада терапевт, кардиолог, невролог, офтальмолог, гинеколог, гастроэнтеролог, уролог, хирург, стоматолог жана ЛОР дарыгерлери кабыл алат.
Мындан тышкары, ультра-үндүү изилдөө (УЗИ), компьютердик томография жана рентген, маммография, гастроскопия, колоноскопия, цистоскопия текшерүүлөрү жүргүзүлүп, чакан хирургиялык операциялар жасалат.
Клиника дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин, ишемби күнү 08:30дан 16:00гө чейин иштейт.
Долбоор маркум Падыша Абдулла бин Абдулазиздин атындагы кайрымдуулук программасы тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын катышуусунда каржыланууда.



