Бишкекке күн сайын 200 миңден ашуун адам иштегени келет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ички миграциянын алкагында борбор калаага күн сайын 200 миңден ашуун адам келип жатканын билдирди. Бул тууралуу шаар мэри «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүшү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференцияда айтты.
Анын айтымында, шаарга келгендердин санынын көбөйүшү жана автоунаалардын санынын өсүшү Бишкектин жол инфраструктурасына кошумча күч келтирүүдө.
«Эгер маятниктик миграцияны алсак, Бишкекке күн сайын 200 миңден ашуун адам иштегени келет. Автоунаалардын саны боюнча да ушундай эле абал байкалууда», — деди Жунушалиев.
Ал жол тыгындарынын көйгөйүн чечүү үчүн жолдорду оңдоо менен гана чектелбестен, транспорттук инфраструктураны да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
«Биз жол инфраструктурасын жаңылап, оңдоп-түзөшүбүз керек. Андан соң чектөөлөр жана башка чаралар аркылуу жол тыгындарынын көйгөйүн чечүүгө аракет кылышыбыз керек», — деди мэр.
Жунушалиев Бишкекте жол оңдоо иштеринин көлөмү көбөйгөнүн билдирди. 2024-жылы 61 чакырым, 2025-жылы 92 чакырым, ал эми 2026-жылы 167,2 чакырым жол оңдолгон.
Ошондой эле коомдук транспорт жаңыланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Бишкектеги автобустардын саны 1600гө жеткирилди. Алардын 90 пайыздан ашыгы республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, шаарга өткөрүлүп берилген.



