Кыргызстандык балдар Германияда акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алат

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун базасында 12–13-октябрда тубаса өнүгүү кемтиктери бар балдарды текшерүүдөн өткөрүү жана Германиянын клиникаларында акысыз дарыланууга тандоо боюнча кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу «Ден соолукка бирге» коомдук фонду билдирди.
Фонддун маалыматына караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга жардам көрсөтүп, дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсү менен кызматташат. Кыргызстан менен кызматташтык 2013-жылдан бери уланып келет.
Ушул убакыт аралыгында Кыргызстанда ар кандай патологиялары бар 72 бала операция жасатып, ийгиликтүү үйүнө кайтышкан.
Балдарды тандоодогу негизги критерийлер — аныкталган патологияны Кыргызстандын клиникаларында дарылоого мүмкүн болбошу жана үй-бүлөнүн материалдык абалынын начардыгы.
Маалымат алуу үчүн: 0557 540 777.



