Окуялар

Кара-Суу районунда “Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө 3 кылмыштын бети ачылды

2022-жылдын 15-октябрынан 18-октябрына чейин Ош облусунун аймагында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Мал уурулук” аталыштагы иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-октябрында Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен Кара-Суу районунун жашоочулары 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И., жанан 22 жаштагы А.С., аттуу кылмышкерлердин тобу кармалышты. 

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

2022-жылдын 13-октябрь күнү Кара-Суу РИИБге арыз менен  Кара-Суу районунун жашоочулары 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М., жана 33 жаштагы З.О., аттуу жарандар кайрылышкан. Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен.

Натыйжада 210 000 (эки жүз он миң ) сом зыян келтирилип, баары ээлерине кайтарылды.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жарандар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

“Мал уурулук” рейди Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө, — деп билдирди Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button