Окуялар

Ошто подъездде кичинекей кыз зордукталганы айтылган аудионун тарашы. Шектүү кармалды

Социалдык тармактарда Ош шаарында 8 жаштагы кыздын подъездде зордукталганы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу Ош ШИИБден кылмышка шектүү кармалганын билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча милицияга арыз 13-октябрда түшкөн. Анда кичинекей кыздын зордукталганы айтылган. Факты каттоого алынып, шектүүнү издөө башталган. Кечээ, 17-октябрда шектүү кармалып, ага Жазык кодексинин 155-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button