Окуялар

Бишкекте тоодо таштанды таштаган жарандарга айып салынды

Бишкек жана Аламүдүн районунда тоолуу аймакта эс алуу учурунда таштанды калтырган жарандардын өздүгү аныкталып, аларга карата административдик чара көрүлдү.

Бишкек жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, мыйзам бузуу тууралуу маалымат Instagram социалдык тармагында жарыяланган.Окуянын жагдайларын аныктоо максатында башкармалыктын кызматкерлери Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүп, мыйзам бузган жарандарды аныкташкан.

Жарандарга карата эки административдик протокол түзүлүп, жалпы 11 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузуучулар менен жаратылышка аяр мамиле кылуу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана таштандыларды атайын белгиленбеген жерлерге таштабоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button