Али Нурматов: Кыргызстандын келечегине кызмат кылган саналуу гана адамдар бар, алардын бири — Камчыбек Ташиев

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, жарандык активист Али Нурматов редакцияга байланышка чыгып, учурда болуп жаткан саясий окуяларга өз көз карашын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда туруп кыргыз элине душмандык кылгандардын ишмердүүлүгүн токтотуу зарыл.
- Мен биринчи Камчыбек Ташиев тууралуу айтайын дедим. 2012-жылы эле эл ага Эл баатыры деген наам берип койгон. Чыныгы баатыр, эр жүрөк, чечкиндүү, кыргыздын азаматтарынын бири. Камчыбек эл үчүн жүрөгүн аябайт, тайманбайт. Улут башына түшкөн оор мезгилдердин баарында: ошол эле Ош окуясында, кечээ жакында болгон Баткендеги куралдуу кол салууда ок аралап, эл арасында жүрдү. Ал мамлекет үчүн өмүрүн тобокелге салып келет. Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү аткарып жаткан иштерин, мамлекетке жасаган эмгегин баалай билишибиз керек. Айрым бузукулардын, мисалы, «Азаттык», «Клооп», «Кактус» сыяктуу маалымат каражаттарынын чаргыткан саясатына ишенбей, Ташиевдин баатырдыгын баалап, колдогонго акылуубуз. Кыргыз элинин келечегине кызмат кылган саналуу гана адамдар бар, алардын бири — Камчыбек Ташиев.
Ал эми жогорудагы маалымат каражаттары тууралуу айта турган болсом, алар кыргыз элине душмандык кылгандай сезилет. Кыргызстанда жашап, абасы менен дем алып, суусун ичип жүрүп, кыргыз элине каршы чыгышат. Мен улгайган адаммын, нечен жылдан бери алардын ишмердүүлүгүн байкап келем. Көп тарыхый окуяларда тескери иш жасашты. Кыргыз эли аны айтып чыкканга, талап кылганга укуктуубуз. Элди үгүттөп, элдин мээсине туура эмес саясий түшүнүктөрдү жаратып отуруп, канча жолу өлкөгө башаламандык орнотууга салымын кошушту.



