Коом
7 миллионунчу жаран төрөлө элек

Бүгүн, 18-октябрда социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлгөнүн жазып чыгышты.
«Жарыяланып жаткан маалыматтар калп. 7 миллионунчу жаран төрөлө элек», — деп билдирет Улуттук Статистика комитети.
Буга чейин «Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя 20-октябрга чейин болушу керек»,- дешкен.



