Коом

Боорукерлер! Каракол шаарындагы СИЗОнун кызматкерлери муктаж кары-картаңдарга жардам көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Балдарды, карыларды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын белгилөө жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, №23 мекеменин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы тарабынан калктын аярлуу категорияларына кайрымдуулук жана тиричилик жактан жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

 Камкордукка муктаж карылардын тизмеси Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү тарабынан берилди.  Тизмеде жалгыз жашаган 4 жаран, анын экөө мүмкүнчүлүгү чектелген, ошондой эле эки жаш баласы бар жалгыз бой эне бар.

 Аларга гуманитардык жардам катары тамак-аш, самын жана жуучу каражаттар, андан тышкары дары-дармек сатып алууга каражат беришип, ошондой эле үй иштерине жардамын еөрсөтүштү.

 Мекеменин кызматкерлери тарабынан чогулган 9000 сомдун эсебинен 5 мекендешибизге тамак-аш берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button