Коом

Адвокат: Асия Сасыкбаева менен Азимбек Бекназаровдун сүйлөшкөн сөздөрүндө кылмыштын курамы бар

Адвокат Аида Абдрахманова соцтармактагы баракчасына Асия Сасыкаева менен Азимбек Бекназаровдун сүйлөшүүсү тууралуу калыс пикирин чагылдырды:
– Башкасынын видеосун көрбөдүм. Бирок Асия Сасыкбаева менен Азимбек Бекназаровдун сүйлөшкөн сөздөрүндө – Кыргыз Республикасынын Кылмыш
Жаза кодексинин 278-берене курамы камтылган (кылмыштын квалификациясы бар деген сөз).

“Массалык башаламандыктар”
Мен лингвист эмесмин. Бирок ар бир айтылган сөздөн кылмыштын курамын чыгарып турмай менде адатка айланган. Анткени, тажрыйба чоң.
Экспертизанын корутундусу чыккан. Болбосо, мындай оор кылмыш менен камакка алуу да мүмкүн эмес. Сөз эркиндиги башка, кылмыш – бул такыр башка да.
Ал эми Клара Сооронкулова эжекебиз өзү экс-судья. Кылмышка бармак эмес. Себеби, 278-берене курамын өтө жакшы түшүнгөн жана билген профессионал деп эсептейм.

Сот баш коргоо чарасын караганда (санкцияны) активистерди үй камагына чыгарып, тергөө объективдүү жана мыйзам чегинде тергелет деп ишенели,- деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button