Коом

Өлкөдө гемодиализ алгандардын саны өсүүдө

Быйыл гемодиализ алгандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 369 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда 2022-жылдын 1-октябрына карата “Гемодиализ” маалымат базасында 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 2 202 бейтап бар, бул өткөн жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп (1833 бейтап).

Жыл башынан сентябрь айына чейин диализ борборлору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга 222 миң 800 гемодиализ сеансын көрсөтүштү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 34 миң 500гө көп (188 миң 300 миң).

«Бейтаптарга диализ акысыз жүргүзүлөт, тейлөө бардыгы үчүн бекер, төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. Алсак, 9 айда ММК фонду отуз алты диализ борборуна 1 миллион 026 миң 600 сом төлөп, былтыркыдан (885 миң 200 сом) 141 миң 400 сомго көп төлөндү», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги – бөйрөк функцияларынын акырындык менен начарлашы. Баштапкы этапта симптомсуз өтөт, кийинчерээк жалпы абалынын бузулушу жана заара чыгаруу, шишик жана кычышуу кошулат.

Бөйрөктүн ишинин акырындык менен начарлашы организмдин тиричилик функцияларынын бузулушуна, ар кандай органдардан жана системалардан келип чыккан кыйынчылыктардын пайда болушуна алып келет

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button