Коом
Таласта көк бөрү боюнча Республикалык чемпионат старт алды

Бүгүн, 26-октябрь күнү көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Аталган мелдеш Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жатат. Мелдешке бардык аймактардан келген 14 команда катышат.Чүчүкулактын жыйынтыгы:Чоңдор арасында А-тобу:— Ош облусу— Талас облусу— Нарын облусуЧоңдор арасында В-тобу:— Чүй облусу— Бишкек шаары— Ысык-көл облусуЖаштар арасында А-тобу:А1 — Жалал-АбадА2 – ОшА3 – БишкекА4 — ЧүйЖаштар арасында В-тобу:В1 – ТаласВ2 – БаткенВ3 – Ысык-КөлВ4 – НарынБүгүн, 26-октябрда оюн таласына чыга турчу командалардын убактысы:Жаштар:9:00 Жалал-Абад – Ош10:00 Бишкек – Чүй11:00 Талас –Баткен12:00 Салтанаттуу ачылыш аземи12:30 Ысык-Көл – Нарын



