Коом

Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты. Чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Ал 14-декабрга чейин үй камагында болот. Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button