Жаш-карысына, аял-эркегине карабай мыйзам алдында баары бирдей жоопко тартылат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев парламентте билдирди.
Ишеналиев мыйзамдын алдында баары бирдей экенин, эч ким өзүнчө каралбай турганын айтты. Эгер кармоо учурунда процессуалдык мыйзамдар бузулса чара көрүлөрүн, бирок сот азыркы аракеттерди мыйзамдуу деп тапканын белгиледи.
Ал эми Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков кармалган жарандардын абалын сурап чыкканын, бири да ден соолугуна жана башка жагдайларга байланыштуу даттанбаганын билдирди.
Андан соң депутат Жалолидин Нурбаев «71 жаштагы Асия Сасыкпаева өңдүү улгайган аялдарды үй камагына чыгарса болобу?» деп сурады.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маселе соттун чечимине жараша караларын айтты.



