
Токтобүбү Черикчиева, ырчы: “Концерттен келгенде орус кемпир үйгө киргизбей койчу”

— Мен алгач ирет ата-энемден бөлүнүп, 15 жашымда эстрадалык студияга окууга тапшырып, Чуйков атындагы көркөм-өнөр академиясынын эски вокзал тараптагы жатаканасында кыздар менен жашап калдым. Ал жактан соң кыздар менен орус кемпирдин батирине чыгып калдык. “Тазалык” бөлмөсүнө кулпу салып коёр эле, уруксаат менен кирип чыгабыз. Кечки саат 10дон кеч калсаң үйгө киргизбейт. Ошол кезде эле Филармонияда солист болуп иштегендиктен гастролго чыгып, концерттерге катышып жүрчүмүн. Күндө концерт болот,ырдайм, кеч кайтам. Келсем орус кемпир үйгө киргизбейт. Ошентип жүрүп аябай кыйналып кеттим. Ыраматылык Эстебес агай биздин топтогу бир кыз экөөбүзгө “Автомаш” заводунун жатаканасынан бөлмө алып берди. 1989-жылы Филармониянын кызматкерлери катары мамлекет тарабынан Жал кичирайонунан 1 бөлмөлүү батир беришти. 97-жылы жылы жеке концертимди берип андан түшкөн акчага ошол 1бөлмөлүү батирди кайра ошол тегеректен эле 2 бөлмөлүү үйгө алмаштырып алгам. Азыркы күндө ошол үйүмдө жашайм.
Канат Култаев, продюсер: “Азыр деле жатаканада жашайм”

— Студент кезде бир туугандарымдыкында жашап үй, батир тууралуу башым ооруган эмес. Азыркы күнгө чейин жалпы жолунан 3 батирге көчтүм окшойт. Мен Коомдук каналдын кызматкери болгондуктан мамлекеттен Улуттук университеттин артында жайгашкан жатаканадан бөлмө беришкен. Азыркы күндө туруктуу жашаган жерим ошол жер, кээде ижарага батир алып жашап калган күндөрүм болот. Акырындан аракет кылып жатам буйруса, алдыңкы убакта шаарыбызда жайнап курулуп жаткан элиталык үйлөрдөн батир алам деп каражат топтоп жүргөн убагым.
Ырыс Жоомартова, актриса: “Чака сатып жер тилкесин алгам”

— Жаңы турмушка чыккан 1990-92-жылдары Дордой тарапка бараткан тарапта Ленинград көчөсүндөгү батирде туруп калдык. Ал кезде Бишкекте орустардын заманы болуп орустар кыйын кез болчу. Кожойкебиз орус кемпир болчу, кыйкырып эле жаныбызды койчу эмес. Кир жуусаң суусун тиякка төктүң же туура эмес төктүң деп эле жүрөгүбүздүн үшүн алып койгон. 24жашымда Кызыл Аскер тараптагы Киркомстромдо чоң дүкөн бар эле ошол жерден чакаларды алып келип Ош базарга алып барып үстүнө 10-20 тыйындан кошуп сатып, акча топтоп Ак-Өргөдөн жер тилкесин алдык. Кийинчерээк 2 кызды жумушка алып үйгө отургузуп жаш балдардын топусун тиктирип сата баштагам. Акырындан акча жыйнап отуруп жер тилкесин саткан акчага бир аз кошуп 1 бөлмөлүү батир алдык, балдар чоңоё баштаганда үйүбүз тар болуп Туңгучтан 4бөлмөлүү үйгө алмаштырдык. Былтыр аны да сатып Восток-5 кичирайонунан 5 бөлмөлүү үй алып азыр ошол үйдө жашап жатабыз.
Замир Арыкбаев, ырчы: “Көчкөндөн көңүлүм калган”

-2008-жылга чейин эле көчүп-конуп жашап жүрдүм. Батирдин азабын жакшы эле тарттым, эстеп көрсөм 2ирет батир алмаштырыптырмын. Кожоюндар менен пикир келишпестик болбогону менен көчкөндөн көңүлүм калган. Болгон бир аз турмуш-тиричиликке керек болчу буюмдарыбыз сыйрылып, сынып бүткөн. Көп кабаттуу үйгө көчсөң чоң диванды тепкич менен көтөрүп чыгасың, башка жакка көчө турган болсоң кайра түшүрөсүң айтор, жакшы эле кыйналдык. 2008-жылы тытынып иштеп 1бөлмөлүү батир сатып алдым. Арадан көп өтпөй аны 1 бөлмөнү 2 бөлмөлүү кылып кеңейтип алдык. Аманчылык болсо кыялдагы чоң жер үйгө да жетебиз деп коюп жүрөбүз.



