ИИМ: Ошто баңгизат каражаттарын колдонуу үчүн көмүскө жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда баңгизат каражаттарын колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу фактысы аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Ыкчам кызматкерлер Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан үйдө жашаган жери боюнча 1947-ж.т. А.Р. аттуу жаран баңгизаттарды туруктуу түрдө колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кармап тургандыгын аныкташкан.
Үйдү кароодо милиция кызматкерлери баңгизаттарды даярдоо жана колдонуу үчүн колдонулган буюмдарды жана заттар табылган.
Үйдүн ээсине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) каралган кылмыштын курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Алынган буюмдук далилдер соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн, — деп билдир ИИМдин Басма сөз кызматынан.





