Окуялар
Кеңешбек Дүйшөбаев менен Атай Бейшенбек да камакта калды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен жарандык активисттин Атай Бейшенбектин жактоочусунун аппеляциялык арызы каралды.
Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, экөө тең камакта калтырылган, тактап айтканда, Биринчи Май райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Жактоочунун арызы канаттандырылган жок.



